"Евро-2024": Португалиянын оюнунда дагы бир сенсация болду

Грузия менен Португалия курама командалары беттешкен Европа чемпиондугунун тайпалык этабынын 3-турунун оюну аяктады. "F" тайпасынын алкагындагы жолугушуу Гельзенкирхен шаарындагы "Фельтинс-Арена" стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде Грузиянын пайдасына аяктады.

2-мүнөттө Грузия курама командасынын чабуулчусу Хвича Кварацхелия беттеште эсепти ачты.

57-мүнөттө Микаутадзе пенальтини аткарып, командасынын эсебин экиге көтөрдү.

Ал эми 65-мүнөттө гол киргизе албаган Криштиану Роналду алмашууга кетти.

Ошентип Грузия командасы төрт упайга ээ болуп, турнирдин плей-офф баскычына өттү.

Муну менен Грузия курама командасы Европа чемпиондугунун плей-офф баскычына биринчи жолу чыкты. 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Грузиянын курама командасы Европа чемпиондугуна тандоо турнирлерине катышып, бирок бир да жолу турнирдин финалдык баскычына чыга алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан