Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн Бангладештин дагы 56 жараны кармалды (видео)

Борбордо чет өлкөлүк жарандар арасында мыйзамсыз миграция боюнча рейд жүргүзүлүп, 56 чет элдик милицияга жеткирилди. Алардын баары Бангладештин жарандары. Бул туурасында бүгүн, 27-июнда Бишкеке ШИИББинин мааалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, профилактикалык иш-чара шаардык милициянын, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте миграциялык мыйзамдарынын укуктук-ченемдерин, өлкөдө жашоо эрежелерин сактоо иретинде жүрүп жатат.

Анын алкагында 18 административдик протоколдор түзүлүп, жалпысынан 99 миң сомго айып пул салынган. Жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланды.

Бишкекте мигранттардын мыйзамсыз жүрүшүнө каршы рейд жүрүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан