Кыргызстандык спортчу Дмитрий Трелевский лыжа спорту боюнча “Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Улуттук олимпиадалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Дмитрий Трелевский аталган Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу Дүйнө кубокторуна катышып, жолдомого тиешелүү упай топтой алган.
Кыргызстандык спортчулар Сочиге 2 спорт түрүнөн гана барышы мүмкүн. Алар лыжа спорту жана сноуборд. Дмитрий Трелевскийден тышкары лыжа спортунан мелдешке Оксана Полюткина жана Евгений Тимофеевдер жолдомо алууга жакын. Сноубордчулардан ага-ини Павел жана Алексей Вакуриндердин да мүмкүнчүлүгү бар.
Эске салсак, 7-23-февраль аралыгында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын программасына 15 спорт түрү кирет. Анда жалпысынан 98 комплект медаль ойнотулат.