АКШнын Техас штатында адам өлтүрүүгө айыпталып, 2001-жылы соттолгон 41 жаштагы Рамиро Гонсалес өлүм жазасына тартылганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, кылмышкерге өлүмгө алып бара турган дары сайылган. Муну менен Гонсалес Америка Кошмо Штаттарында жыл башынан бери өлүм жазасына тартылган сегизинчи адам болуп калды.
Ал 2001-жылы 18 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн деп айыпталып, соттолгон. Сот аны 2006-жылы өлүм жазасына кескен. Кылмышкердин адвокаттары соттон Гонсалес коомго коркунуч туудурбай турганын айтып, өлүм жазасын алып салууну суранышкан. Бирок АКШнын Жогорку соту адвокаттардын жазаны жеңилдетүү өтүнүчүн канааттандырган эмес.