Баткенде аткезчилик жол менен товар алып кирүүгө аракет кылган коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Кайтпас айылынан коңшу өлкөнүн 1989-жылы туулган жараны аткезчиликке шектелип кармалган. Ал DAMAS DLX үлгүсүндөгү унаасы менен өз өлкөсүндө чыгарылган кездемелерди, кийим-кечектерди Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.
"Текшерүү учурунда жалпы баасы 1 миллион сомго жакын товарлардын эч кандай тиешелүү документтери жок болуп чыкты", - деп айтылат маалыматт.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү менен (Экономикалык контрабанда) кылмыш иши козголгон.
Натыйжада коңшу өлкөнүн жараны шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.