"Евро-2024": Роналдунун 11 жыл мурдагы Тбилисидеги сүрөтү күндүн сүрөтүнө айланды

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычтагы оюнунун алкагында Грузия Португалияны жеңип алгандан кийин интернетке Грузия курамасынын чабуулчусу Хвича Кварацхелия менен Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду тартылган архивдик сүрөт тарады.

Бул сүрөт Грузияда 2013-жылы тартылган. Анда Роналду Грузиянын борборуна Виталий Дараселия атындагы футбол академиясын ачуу үчүн келген.

Ошол учурда Роналду жаш футболчулар менен сүрөткө түшкөн. Ошол сүрөттө кечээки оюнда мыкты болгон Хвича Кварацхелия дагы болгон. Ал ошол учурда 12 жашта болчу.

Хвича Кварацхелия Криштиану Роналдуну кумир тутуп келерин жашырбайт. Бүгүн, 27-июнга караган түнү өткөн оюндан кийин ал Роналду менен футболкасын алмашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан