Бүгүн, 27-июнда Куала-Лумпурдагы АФКнын штаб-квартирасында 2026-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунун акыркы турдук оюндарына чүчү кулак ташталды.
Анда Азиядан тандалып чыккан жалпы 18 команда 3 тайпага бөлүндү.
Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргыз курамасы "А" тайпасына бөлүнүп, төмөнкү командалар менен бир тайпага түштү.
"А" тайпасы: Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ, Кыргызстан жана Түндүк Корея;
"В" тайпасы: Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина жана Кувейт;
"С" тайпасы: Япония, Австралия, Сауд Арабия, Бахрейн, Кытай жана Индонезия.
Ушул тайпалардан биринчи жана экинчи орунду алгандар Дүйнө чемпиондугуна түз жолдомо алат. Ал эми 3-4-орунду ээлегендер 4-турда жолдомо үчүн күрөштү улантат.
Тандоонун 3-турунда ар бир команда 10 оюн өткөрөт (5 оюн үйдө жана 5 оюн конокто). Биринчи тур 5-сентябрга белгиленген. Анда Кыргызстан конокто Иран менен ойнойт. Ал эми 10-сентябрда Өзбекстанды кабыл алат.