Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен-Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде "Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.
"Быйыл аталган жолдун 7 чакырымын оңдоо каралган. Учурда 3,5 чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.
Ал эми жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет", - деп айтылат маалыматта.