Футбол боюнча Европа чемпиондугунун алкагындагы Грузия менен болгон оюндан кийин атактуу футболчу Криштиану Роналдуга күйөрман трибунадан эле секирди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Роналду оюндан кийин талааны таштап кетип бара жаткан маалда ага күйөрман секирген. Футболчуну жанындагы коопсуздук кызматкерлер коргоп калган.
Криштиану Роналду "Евро-2024" турниринде азырынча гол киргизе элек. Ал турнир башталгандан бери 3 оюн өткөрүп, бир гана жолу голдук пас чыгарып берди.