Жайдын келиши менен Кыргызстандын рыногу жаңы продукт - Flavis брендинин алкоголсуз суусундуктары менен толукталды. Cергитүүчү Flavis суусундуктарынын концентраты Европада иштелип чыккан. Аларды 23 жылдан ашык тажрыйбасы бар ири өзбекстандык холдинг Family group алдыңкы Европалык технология менен өндүрөт. Компания өзүнүн инновациялык мамилеси жана жогорку сапат стандарттарына умтулгандыгы менен кеңири белгилүү, бул Flavis продукциясын керектөөчүлөр үчүн жагымдуу кылат. Flavis жасалма таттууларсыз, таза кумшекер менен жасалат.
Flavis суусундуктары сапаты жана кайталангыс даамы менен кардарларынын жүрөгүн багындырууда. Бренд төрт негизги даамды сунуштайт: анар, мохито, тархун жана лимонад. Жаңы, өзгөчө даамдарды жеткиликтүү баада сунуштоо үчүн продукция Европалык өнөктөштөр менен 2 жылда кылдаттык менен иштелип чыккан.
Cуусундуктардын ар бири тыкыр сапат көзөмөлүнөн өтөт жана эл аралык стандарттарга жооп берет, бул алардын коопсуздугун жана жогорку даам өзгөчөлүктөрүн далилдейт. Мындан тышкары, өндүрүш процессинде Европалык технологияны колдонуу чоңдор менен катар балдарга да жага турган бай, жагымдуу суусундуктарды жаратууга мүмкүндүк берди. Flavis жайдын көркүн ачып, көптөгөн керектөөчүлөрдүн сүйүктүү тандоосуна айланаары талашсыз.
Flavis продуктулары өлкөбүздүн көптөгөн дүкөндөрүндө жана ири гипермаркеттеринде бар, бул аларды керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү кылат.
Бренддин Кыргызстандагы расмий дистрибьютору «Сапат Трейдинг» ЖЧКсы ири тамак-аш дүкөндөрүн жана HoReCa өкүлдөрүн кызматташууга чакырат.