Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыяда баштык чыгарган ишкана ишке кирет

Кызыл-Кыя шаарында кагаз баштыктарды жана мүшөктөрдү жасаган муниципалдык ишкана алгачкы продукциясын сыноо иретинде чыгарды. Ишкана шаардык мэрия жана жеке ишкердин өнөктөштүгү менен түзүлгөн.

Ишкананын жабдууларын сатып алууга Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каражаттан 4 миллион 600 миң сом жумшалган.

Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү соода түйүндөрүнүн ээлери ар кандай көлөмдө жана дизайнда ишканага буйрутмаларды берип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, күнүнө 5000 даана баштык чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ишканада 10го жакын жумуш орун түзүлөт.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан