Чоң-Алай районунда ишкерден 10 миллион сом талап кылган деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
Такталгандай, А.Н. аттуу ишкер Чоң-Алай районунун Карамык айылында көмүр казуу иштерин баштаганда өздөрүн жергиликтүү жашоочуларбыз деген адамдар "толук кандуу иш жүргүзүүгө жол бербейбиз" деп коркутуп, 10 000 000 сом талап кыла баштаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси "Опузалап талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 59 жаштагы А.Ж. жана 54 жаштагы Т.З. аттуу Чоң-Алайдын тургундары ишкерден 44 400 доллар алып жаткан жеринен кармалышкан.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.