Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы үч күн катары менен өчүрүлөт

1-3-июль күндөрү Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу кечээ, 27-июнда "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкектин Куттубаев, Токомбаев, Айтиев, Жетикашкаев көчөлөрү менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

Маалыматта айтылгандай, өчүрүү орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болот.

"Бишкекгаз" кызматы абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан