Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Охна айылында катуу сел жүрүп, унаа жолду каптап кеткендигин жергиликтүүлөр айтып чыгышты. Алар ЭЛДИК КАБАРга жиберген видеолордо тоодон агып түшкөн сел негизги жолду каптап, суу таштарды, шагылдарды агызып чыгып, унаа кыймылына тоскоолдук жаратканын көрүүгө болот.
Мындан тышкары, айыл аралап өткөн жол болгондуктан жергиликтүүлөр да өтө албай турганы айтылат.
"Өзгөчө кырдаал министрлигинин куткаруучуларына кайрылыш керек. Ары жактан да сел келип жатат, токтой элек", - деп билдиришти тургундар.