Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери күтүлөт. Бул туурасында бүгүн, 28-июнда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, катуу шамал учурунда төмөнкү эрежелерди сактоо кажет:
- Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек тагыныңыз.