Бүгүн, 28-июнда Казакстандын Bombardier Q400 NextGen учагы менен Алматы–Ысык-Көл–Алматы багыты боюнча бул жылдын эсебинен биринчи каттам Ысык-Көл эл аралык аэропортуна келип конду. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, каттамдын кардары "Компас" туроператору. Алматыдан Ысык-Көлгө учуу убактысы 35 мүнөт, ал эми кайра артка кайтуу багыты 1 саатка созулат. Каттамдар жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.
Кошумчалагандай, "Компас" туроператору 10 жылдан ашык убакыттан бери жыл сайын Алматы–Ысык-Көл–Алматы багытында каттамдарды аткарып келет.