Бишкек-Ош унаа жолунун 104-105-чакырымдар аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол иштерин текшерип, Төө-Ашуу тарапка бара жаткан Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев кырдаалды жеринен көрдү.
"Учурда жерине атайын техникалар тартылууда. Министр жолго түшкөн кум-шагыл аралашмасын тез арада тазалап, унаа каттамын ыкчам түрдө жандантуу тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.