Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин жанындагы жер титирөө боюнча маалымат таратты

Чүй облусунун аймагында катталган жер титирөө Кант менен Бишкек шаарларында 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 15:18де очогунда 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Интернационал айылдарында 3,5 балл, Кант жана Бишкек шаарларында 3 баллга чейин сезилген.
"Жер титирөөнүн очогу Нурманбет айылынан 3 чакырым батышта, Интернационал айылынан 5 чакырым түндүк чыгышта, Кант шаарынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Бишкек шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан.
Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдиришти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан