Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Анда нөшөрлүү жаан жаашы, айрым аймактарда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылат.
Бүгүн, 28-июнда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул убакыт аралыгында сел жүрүү коркунучу мүмкүн болгон аймактардын тизмесин жарыя кылды:
Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертет.