Биз социалдык тармакта

Борбордо эртеңден тарта эки троллейбус каттабай турган болду

Эртең, 29-июндан тарта Бишкекте №3 жана №8 троллейбус каттамдары убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Мындай чектөө Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген.

Ошондой эле №4 троллейбус каттамынын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.

Ага ылайык, №4 троллейбус Эт комбинатынан Москва көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнө чейин, андан ары Киев көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен булгаары заводго чейин каттайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан