Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 826 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын 27-июндагы маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка таянсак, учурда суунун агып кирүүсү секундасына 974 метр кубду, ал эми суунун агып чыгышы 449 метр кубду түзүүдө.
Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр, 2023-жылы 27-июнда 10 миллиард 79 миллион куб метр суу топтолгон.