Бүгүн, 24-декабрда футбол боюнча улуттук 21 жашка чейинки жаштардын курама командасынын 2014-жылы өтө турган Шериктештик кубогуна даярдоо машыгуусу өтөт. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Башкы машыктыруучу Анарбек Ормомбековдун айтымы боюнча, 29-декабрда команданын 17 жашка чейинки курама команда менен оюну пландаштырылган. Жаңы жылдык майрамдардан кийин 2014-жылдын 11-январында да Топ Лигадагы же Биринчи Лигадагы команда менен спарринг планда бар. 2014-Шериктеш кубогу Санкт-Петербургда 2014-жылдын 23-январынан 3-февралына чейин өтөт”, – деп басма сөз кызматы маалымдады.