Кыргызгидромет билдиргендей, эртен, 29-июнда түнкүсүн Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүйдүн айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37,
Таласта түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28.
Бишкекте түнкүсүн +22…+24, күндүз +34…+36 градус ысык болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.