Ноокат районунда селден улам эки адам каза болгону айтылды

Бүгүн, 28-июнда Ноокат районунун аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, саат 16:10 чамасында Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел сайы аркылуу сел жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине маалыматты тактоо максатында Ноокат райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылган.
"Алдын ала маалымат боюнча, Ноокат районунун Абшыр-Ата айылында селдин кесепетинен 2 адамдын (1 эркек киши, 1 кыз) жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Алардын аты-жөнү такталууда" деп билдиришти башкармалыктан.
Кошумча маалымат берилет.
28.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан