Биз социалдык тармакта

"Жолго чыкпай туруңуздар". Баткен өкүлчүлүгү тургундарга кайрылды

Ноокатта катуу жаандан пайда болгон сел Ош-Баткен облусун байланыштырган Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Сай бөлүмүнүн Найман жаңы көпүрөсүн алып кетти. Мындан улам жол каттамы убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

"Өтө зарыл болгон учурда жеңил унаалар убактылуу эски көпүрөдөн бирден, жүргүнчүсүз өткөрүлүүдө. Жүк ташуучу унааларга сай тараптан жол салуу иштерине техника тартылууда. Зарыл болбосо, коопсуздук үчүн жолго чыкпай туруңуздарды өтүнөбүз" деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан