Ноокатта селден беш адам каза болгону кабарланды

Ош облусунун Ноокат районундагы бүгүн, 28-июнда катталган селден беш адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.

"Натыйжада 1 ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. 7 адамды сел суулары агызып кетип, 5 адамдын жансыз денелери табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда" деп билдиришти аталган кызматтан.

Издеп-куткаруу иштерин координациялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган 30 куткаруучу тартылды. Кошумча 85 куткаруучу Оштон Ноокат районуна чыкты.

Буга чейин ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы селден улам эки адамдын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан