Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчу 87 килограммга чейинки салмак категориясында катышты.
Биринчи айлампада Казакстандын балбаны Максат Сайлауну 11:3 эсебинде жеңип, экинчи айлампада индиялык Теджал Теджалды 14:6 эсебинде утуп өз салмагында Азия чемпиону аталды.