Биз социалдык тармакта

Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды (видео)

Бүгүн, 29-июнда Бишкектин Байтик баатыр көчөсүнүн А. Сүйөркулов көчөсүнөн К. Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктап, жол ачылды.

Мэрия билдиргендей, жолдун таманына эки катмар асфальт басылып, чийиндер чийилип, жол белгилери орнотулду.

Ал эми көчөнүн эки тарабындагы ирригациялык тутумду жана жашыл аймакты ирээтке келтирүү жумуштары уланат.

Белгилей кетсек, аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы аяктап, А.Токомбаевден А.Сүйөркуловго чейинки бөлүгү колдонууга берилген. Жалпысынан Жибек-Жолу проспектисине чейин реаблитация болот.

29.06.24
29.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан