Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Маалыматты калаанын Октябрь райондук милициясы билдирди.
Бишкек ШИИББнин “102” кызматына 28-июнда саат 05:23 чамасында Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде уруш болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин жана Октябрь РИИБдин жетекчилиги жана Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы барган.
Ал жерде 34 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Денени сырткы кароо жүргүзүү учурунда ар кайсы бөлүктөрүндө жаракаттар жана бычактан алган жаракаттар бар экени аныкталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 27 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.