Биз социалдык тармакта

Үч округдагы шайлоо: Участкалардан тышкары добуш берүү жүрүп жатат

Бүгүн, 29-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча участкалардын сырткары добуш берүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында айтылды.

Белгилүү болгондой, Ноокат шайлоо округу боюнча 299, Ысык-Көл боюнча 100 жана Свердлов боюнча (майыптыгы барлар, улгайгандыгына, ооруп жаткандыгына байланыштуу) 594 арыз түшкөн.

Жогоруда аталган үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт. Анда жалпы 29 талапкер ат салышат.

Маалымат үчүн: Шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү шайлоого бир күн калганда саат 8:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Ал шайлоочунун участкадан тышкары добуш берүү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан