Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга кайрылды

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Анда нөшөрлүү жаан жаашы, айрым аймактарда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылат.
Буга байланыштуу ӨКМ төмөнкү унаа жолдордо сел жүрүү, таш кулоо мүмкүндүгүн эскертет.
  • Бишкек – Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында,
  • Боом капчыгайындагы Бишкек – Балыкчы жолунун 112-128-чакырымында,
  • Балыкчы – Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымында,
  • Талды-Суу – Аралдын 4-5-чакырымында,
  • Мырза-Аке – Кара-Шоронун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымдарында,
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдарында,
  • Ош – Исфана жолунун 64- 78, 125-138, 149-190-чакырымдарында.
Министрлик жарандарды, айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырат. "Өзгөчө кырдаалдарга күбө болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз" деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан