Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы: "Дэн Сяопин проспектисинде аккан сууну токтотуу аракети көрүлүүдө"

Бүгүн, 29-июнда “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын адистери Дэн Сяопин проспектисинде суу агып жатканын аныкташты. Бул боюнча мэрия билдирди.
Ага ылайык, көйгөй эки катмарлуу асфальт бетинин астында жайгашкан диаметри 150 мм болгон чоюн түтүктүн бузулушунан улам келип чыккан. Учурда адистер оңдоо иштерин алып барууда.
"Кыйынчылыктар эки катмарлуу асфальт төшөлгөн жолдун бетинде иштерди жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыгууда" дешти мекемеден.
Муниципалитет ишти мүмкүн болушунча ыкчам бүтүрүүгө аракет көрүлүп жатканын белгиледи.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан