Ноокаттагы сел: Эки баланын сөөгү табылды

Ноокат районунда селге агып кеткен эки эркек баланын (аты-жөнү такталууда) жансыз денелери табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда ӨКМ кабарлады.
ӨКМ тактагандай, маркумдардын сөөгү ИИБ кызматерлерине өткөрүлүп берилген.
"Алдын ала маалымат боюнча кечээ 6 адам агып кеткен. 28-июнда 4, бүгүн, 29-июнда 2 баланын сөөгү табылган. Учурда тактоо иштери жүрүүдө" деп билдиришти ӨКМден.
Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, селден каза болгон алты адамдын ичинен төртөөнүн аты-жөнү (19 жаштагы К.Б., 16 жаштагы М.Б., С.кызы А., жана М.кызы А. (туулган жылдары тактала элек) аныкталган. Бүгүн ӨКМ тарабынан жансыз денелери табылган эки баланын аты-жөнү аныкталып жатканы маалымдалды.
Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан