№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча участкалардын сырткары 993 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокат шайлоо округу боюнча 282, Ысык-Көл боюнча 89 жана Свердлов боюнча 547 шайлоочу добуш берген.
Белгилүү болгондой, Ноокат шайлоо округу боюнча 299, Ысык-Көл боюнча 100 жана Свердлов боюнча (майыптыгы барлар, улгайгандыгына, ооруп жаткандыгына байланыштуу) 594 арыз түшкөн.
Жогоруда аталган үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо бүгүн, 30-июнда өтүп жатат. Анда жалпы 29 талапкер ат салышууда.