
Кэчээ, 29-июнда Ноокат районунда сел жүргөн аймактарда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги изилдөө жүргүздү. Бул тууралуу министрлик бүгүн, 30-июнда маалымат таратты.
Маалымдалгандай, анда сел суулардын каптоосунун негизги себептери болуп төмөнкүлөр аныкталды:
- аномалдуу жаан-чачындын жаашы;
- узак жылдардан бери чоң көлөмдөгү сел процесси катталбагандыктан, Абшыр-Сай дарыясынын жээктеринде жана нугунда дарактардын өсүүсү жана дарыянын жээктерин эс алуу үчүн тапчандардын баш аламан курулуусу;
- көмүр карьерге өтүүчү көпүрөнүн сел суу өткөрүмдүүлүгүнүн төмөн болуусу;
Изилдөөнүн жыйынтыгында кырсыктын кесепеттерин жоюу жана кырсыктын алдын алуу максатында бир катар сунуштамалар берилди:
- ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү;
- 2018-жылы курулган көпүрөнү капиталдык оңдоп-түзөө, жээктерин бекемдөө;
- аабалга келген таза суу түтүкчөсүн калыбына келтирүү;
- Т.Кулатов-Абшыр-Сай унаа жолундагы эрозияга учураган жана сел калдыктарга жарым жартылай толгон участкаларын атайын техниканын жардамында калыбына келтирүү, чаап тазалоо;
- капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж унаа өтүүчү көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- толугу менен агып кеткен №1 көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен жаңыдан көпүрө куруу;
- тез аранын ичинде сел агызып кеткен электр мамыларын калыбына келтирүү.
- Абшыр-Сай дарысына курулган көпүрөнүн ордуна атайын долбоордун негизинде сел өткөрмө (селепропускник) куруу иш-чараларды аткаруу.
ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, селдин кесепетинен каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти. Алардын экөө аял киши, алтоо өспүрүмдөр экени айтылды.