Камчыбек Ташиев футбол боюнча жаштар курамасы менен жолукту

Бүгүн, 30-июнда Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев өлкөнүн U-20 жаштар курама командасынын машыктыруучулар штабы жана оюнчулары менен жолугушту. Бул туурасында КФБ кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушуу Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» академиясында өткөн.

Камчыбек Ташиев курама команданын оюнчуларына келе жаткан Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын жаштар курамалары арасындагы эл аралык мелдешине (CAFA U-20 Championship) ийгилик жана жеңишти каалап өттү.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасынын катышуусундагы бул мелдеш 5-июлда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан