Биз социалдык тармакта

Үч округдагы шайлоо: Саат 14:00гө карата 10 пайыз шайлоочу добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясы үч округдагы (№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов) шайлоочулардын катышуусу боюнча маалыматты жаңылады. Ага ылайык, саат 14:00гө карата 33 миң 232 (10,67 пайыз) шайлоочу добуш берди.

Ноокат шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 14 миң 11и (15.39%);

Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 10 миң 625и (10.92%);

Свердлов шайлоо округу боюнча 122 миң 975 шайлоочунун 8 миң 596сы (6.99%) добуш берди.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо бүгүн саат 8:00дө башталган, добуш берүү саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Үч шайлоо округдарында 175 шайлоо участогу ачылып, 2214 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тартылган. Шайлоодо жалпы 29 талапкер ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан