Үч округдагы (№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов) шайлоодо саат 18:00гө карата 47 миң 835 (15,36%) шайлоочу добуш берди. Мындай маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Ноокат шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 19 миң 546сы (21,47%);
Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 15 миң 518и (15,94%);
Свердлов шайлоо округу боюнча 122 миң 975 шайлоочунун 12 миң 771и (10,39%) добуш берди.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо бүгүн саат 8:00дө башталган, добуш берүү саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
Үч шайлоо округдарында 175 шайлоо участогу ачылып, 2214 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тартылган. Шайлоодо жалпы 29 талапкер ат салышууда.