Көркүнө чыгып... Тоо коюнундагы Сары-Челектен сүрөт баян

Жайдын ысык аптабында шаардыктардын бир тобу тоого, көлгө, айрымдары айылга кетүүдө. Биз бул жолу эс алуучулардын сүймөнчүк жерине айланган Сары-Челек көлүнөн тартылган сүрөт баянды сунуштайбыз. Көркүнө чыгып кулпуруп турган көл, аягы суюлбаган эс алуучулар, бийик тоолордогу түркүн түстүү гүлдөрдү көрүп сиз да бир сергип алыңыз.

Сары-Челек көлү - Чаткал, Ат-Ойнок кырка тоосунда жайгашкан. Аксы районунун аймагында орун алган. Бишкектен 530-540 чакырым алыс.

Сары-Челек көлүнүн узундугу 7,5 чакырымга, эң жазы жери 2,3 чакырымга жетип, аянты 492 гектарды түзөт. Ал эми анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери – 244 метр.

1979-жылы Сары-Челек көлү табияты жана Кызыл китептеги жаныбарлары үчүн ЮНЕСКОнун биосфералык коруктардын тизмесине киргизилген.

Коруктан миңге чукул өсүмдүктөрдүн, 40тан ашуун жаныбарлардын, 150дөн ашык канаттуулардын түрлөрүн кезиктирүүгө болот.

Эс алуучулардын бири көлгө түшсө, бири кайыкка түшүп сейилдейт.

Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1878 метр бийиктикте жайгашкан.

Эл аягы суюлбаган Сары-Челек.

Эс алуучулар.

2016-жылы Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Жайкысын көлдөгү суунун температурасы +19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп, көлдүн бетине муз тоңот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан