«Умай Групп» ата мекендик ритейлер өзүнүн сүйүктүү кардарларын жайдын аптаптуу күндөрүндө кубантууну максат коюп, “Ысык белектердин жайы” байгелүү оюнун уюштуруп жатат.
Миңдеген кыргызстандыктар күн сайын Globus, “Достор”, “Народный” жана SPAR дүкөндөрүнөн сатып алуу жүргүзүшөт. Бул жөн эле адат эмес, чыныгы жакшы салт болуп калыптанды. Сиз каалаган убакта ыңгайлуу жана жарык дүкөнгө кирип, керектүү буюмдарды сатып алышыңызга ишенимдүүсүз. Сизди дүкөндөр ар дайым мыкты сапат жана капчыкка ыңгайлуу баалар менен тосуп аларын билесиз. Бул жай мезгили «Умай Групп» компаниясынын карамагындагы дүкөндөрдө соода кылуу дагы да кызыктуу кыла алды.
2024-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин Globus, “Достор”, “Народный” жана SPAR дүкөндөрүндө чоң белектер ойнотулат. Ага катышуу шарттары өтө жөнөкөй болгондуктан, сатып алуучуларга эч нерсе кылуунун кереги жок. Сиз жөн эле сүйүктүү дүкөндөрүңүзгө барып, “Умай Групп” компаниясынын картасын же тиркемесин колдонуп, кеминде 500 сомго товарларды сатып аласыз жана ошол эле учурда акцияга катышкан бир товарды да алышыңыз шарт. Болгону ошол! Сиз бул кадам менен байгелүү оюндун катышуусучу боло аласыз. 500 сомдон жогору ар бир чек үчүн бир купон берилет.
“Умай Групп” компаниясынын дүкөндөрүндө кардардын сатып алуулары пайдалуу жана жагымдуу болушу үчүн ар дайым камкордук көрүлөт. “Ысык белектердин жайы”– бул жөн гана байге ойнотуу акциясы эмес, бул көптөн күткөн кыялды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү.
Байгелүү оюндун өнөктөштөрү Travel Shop туристтик агенттиги, ”Планета электроники” жана iStore дүкөндөрү болуп саналат.
Андыктан оюндун катышуучулары үчүн көп белектер каралган. Эки ай бою жүрүүчү акцияда жума сайын байгелүү оюн уюштурулуп, төмөнкү утуштарга ээ болууга мүмкүнчүлүк бар:
Мындан тышкары кошумча утуштар төмөнкүлөр:
Утушка коюлган буюмдар менен бул жерден тааныша аласыз.
Утушка катышуунун эрежелери менен бул жерден тааныша аласыз.
«Умай Групп» - өлкөдөгү эң ири компания. Бүгүнкү күндө ал Globus, SPAR, “Народный” жана “Достор” төрт ири дүкөндөр тармактары менен супермаркеттерин башкарат. Компаниянын бүгүнкү күндө 130дан ашык дүкөнү жана 65 миң чарчы метрден ашык соода аянты бар.