Казакстандын куткаруучулары каза болгон жарандарынын сөөгүн алып кетүү үчүн Ошко келишти

Казакстан куткаруучуларын жарандарын эвакуациялоо жана каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн Ош шаарына жиберди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү келген учакта "Тез жардам" кызматынын куткаруучулары, Кырсыктарды дарылоо борборунун дарыгерлери жана психологдору бар.

"Усть-Каменогорск шаарында эки күндөн бери ШКО ТЖДнын жетекчиси Рашид Биляловдун координациясында чукул штаб иштеп жатат. Штабдын базасында жергиликтүү аткаруу органдары менен биргеликте каза болгон балдардын жакындарына психологиялык жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коңшу өлкөнүн министрлиги учакта гуманитардык жардам дагы бар экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ Казакстандан атайын рейс менен гуманитардык жардам Ош шаарынын аэропортуна келгени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан