3-июлда Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалым болгондой, министр Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууну пландаштырууда. Сапардын жүрүшүндө кыргыз тарап жана өнөктөштөр менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтмөкчү.
"Ошондой эле Иньяцио Кассис эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, жарандык коомдун өкүлдөрү жана швейцариялык жарандар менен жолугушууларды өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.