Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Парижде өтө турган жайкы олимпиада оюндарына катыша турчу балбандар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК жетекчиси кечээ, 30-июнда өлкөнүн грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушуу өткөргөн. Анда Ташиев кыргыз балбандарына ийгиликтерди каалап, акчалай сыйлык жана белектерди тапшырган.
"Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы ар дайым алгылыктуу жеңиштерди тартуулап, өлкө желегин бийик желбиретип келгендигин эске алып, аларга өзгөчө көңүл буруу менен, мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөрү маалымдалды", - деп айтылат маалыматта.