Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.
Ошондой эле кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз “112” кызматына чалып, жардам сурасаңыз болорун эскертет.