
Бүгүн, 1-июль күнү Ошто жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Ага ылайык, бүгүн таңкы саат 07:49да өлкө аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек айылдарында 3 балл, Шибээ, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганы айтылат.