Кыргызстандын эркин күрөш боюнча (U23) балбандары Билол Шарип уулу жана Орозобек Токтомамбетов Амман шаарында (Иордания) өткөн Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрү аталды. Бул тууралуу кечээ, 30-июнда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Билол Шарип уулу 65 килограмм салмак чен бирдигинде биринчи кармашында индиялык Рохит аттуу балбанган 5:8 эсебинде жеңилип калган. Андан кийинки кармашта 12:0 ири эсебинде монголиялык Турбаяр Даваняманы утту. Ал эми жарым финалда коңшу казакстандык Бекзат Ермекбайды 10:0 эсебинде артта калтырды. Ал финалда кайрадан индиялык Рохит аттуу балбанга кез келип, жыйынтыгында 6:0 эсебинде утуп, Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү аталды.
Ал эми балбан Орозобек Токтомамбетов 74 килограммга чейинки салмакта биринчи беттешинде өзбекстандык Зафарбек Отахоновду 6:3 эсебинде артта калтырса, кийинки кармашында казакстандык Женгиз Каныбековду 6:2 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда монголиялык Батбаяр Бацухду 11:0 ири эсебинде жеңип финалга чыккан. Анда индиялык Джейдип аттуу спортчуну жеңип 23-жашка чейинкилер арасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.
Мындан тышкары эркин күрөш боюнча Юхан Доктурбек уулу 61 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде коло байгеге татыды.