Кара-Кулжадагы селден үч адам каза болду

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы селден үч адам каза болуп, бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнь күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылында катуу жааган жамгырдан Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде саат 22:15 чамасында сел жүрүп, "Дэу Матиз" үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен.
Ичиндеги 5 жарандын бирөөсүн жергиликтүү жарандар куткарып калып, калгандарын сел алып кеткен. Учурда куткаруучулар тарабынан 3 жарандын жансыз денеси табылып, бирөөсү изделип жатканы кабарланат.
Жерине ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, "Тез жардам" кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам издөө иштерин улантууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан