Ноокенде унаа каналга түшүп кетип, 3 өспүрүм каза болду

Ноокен районунда унаа каналга түшүп кетип, 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад ОИИБинен тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 30-июнда саат 17:00 чамасында болгон. Анда Ноокен районунун 2009-жылы туулган тургуну Daewoo Nubira үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, рулду башкара албай, Фергана каналына түшүп кеткен. Натыйжада, унаада жүргүнчү катары келе жаткан 3 жашы жете элек өспүрүм каза тапкан.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда унааны айдап бара жаткан өспүрүмдүн 2009-жылы туулган достору окуя болгон жерден каза болушканы аныкталган. Ал эми айдоочу 15 жаштагы бала өзү денесинен оор жаракат алып, Кочкор-Ата шаарынын оруканасынын хирургия бөлүмүнө кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан