Кара-Кулжа районунда селге агып каза болгон 3 жаран бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ күнү саат 22:25 чамасында Жетим-Дөбө айылында катуу жааган жаандан сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен. Бул боюнча маалымат милицияга дагы түшкөн.
Атталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүдө селге аккан унааны башкарып бараткан Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Ал ИИМдин күзөт кызматынын кызматкери болгон. Ошондой эле унаада аны менен бирге 1990-жылы туулган жубайы, 2012-жылы жана 2020-жылы туулган уулдары, 2016-жылы туулган кызы болгону такталган.
Кырсыктан жалгыз аман калган 8 жаштагы кыз Кара-Кулжа райондук ооруканага жеткирилип, денесинен алган жараатына медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары милиция 4 жаштагы бала дайынсыз болуп жатканын кошумчалады.
"3 жарандын жансыз денеси табылып, жакын туугандарынын эч кимге арыз-доосу жок болгондуктан жансыз денелерге сыртынан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Кулжа районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны агызып кеткенин, унаада 5 адам болгонун, кырсыктан үчөө каза болуп, бирөө куткарылганын жана бир жаран дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.