Биз социалдык тармакта

Транспорт министрлиги сел жүргөн унаа жолдор тууралуу маалымат берди (сүрөт)

Өлкөнүн сел жүргөн унаа жолдорунда тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 31, 32, 33-чакырымдарында бир тараптуу каттам бар. Тазалоо иштери уланууда.

Ал эми Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 15-20-чакырымдар аралыгында жол бир тараптуу ачык.

Ага ылайык, Ылай-Талаа-Карагуз-Түшүнүк унаа жолуна түшкөн таш-шагыл аралашмасы тазаланып жатат. Каттам үчүн кыйынчылык бар.

Мындан тышкары Жаңы-Арык-Кызыл-Суу унаа жолунун 22, 26, 29-чакырымдарында бир тараптуу каттам бар.

"Селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү, тазалоо иштери аймакты тейлеген жолчулар тарабынан тынымсыз жүргүзүлүүдө. Кырдаалга жараша техникалар тартылып, иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан